Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Согуш ардагерлерине жардам берилди

2021-жылдын 9-майында Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн  жалпы кызматкерлери, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы Элмира Жаркынбековна, Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Жоошбаев, мектеп, бала бакчалардын жана кесиптик бирликтердин жетекчилери Улуу Ата мекендик согушта курман болгон жердештеринин  элестерине таазим кылышты.

«Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» - дейт элибиз. Андыктан кут уялаган күнөстүү мамлекетибизге Улуу Жеңишти алып берген аталарыбыз, оорукта күн-түн дебей эмгектенип азык-түлүк менен камсыздаган энелерди эстеп, эскерип жүрүү, ар бир мекенчил атуулдун милдети.

Таш-Көмүр шаарындагы бардык мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кесиптик бирликтин баштапкы уюмдары Улуу Ата мекендик согуштун жана тылдын ардагерлерин Жеӊиш күнү менен куттукташып, белектерин беришти. Алар үйлөрүнө барышып материалдык жана азык-түлүк жактан жардамдарын берип кайтышты. Ошондой эле бардык мектептерде жана бала бакчаларында Улуу Жеңиштин 76 жылдыгынын урматына салтанаттуу жыйындар болуп өттү.

Анда Улуу жеӊиштин мааниси, согушка катышкан жердештеринин баатырдык эрдиги жана тылда иштешкендердин эмгеги жөнүндө сөз кылышты.

Таш-Көмүр шаарында 2021 жылдын 7-майында Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 76 жылдыгынын урматына арналган жалпы республикалык бак-дарактарды отургузуу акциясы болуп өттү. Шаардын мэри Н.Доулбеков, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери бул иш-чарага  активдүү катышышты. Алар «Байчечекей» балдар бакчасынын тегерегине ар кандай бак дарактардын көчөтүн отургузушту.

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаарКБКнын төрайымы Э.Эгизалиева