Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштүк – ийгиликтин ачкычы

 

Аксы райкомундагы Н.Мешков атындагы орто мектепте «Социалдык өнөктөштүк – ийгиликтин ачкычы» деген темада өткөрүлгүн облустук семинар

 

    Обкомдун иш планына ылайык аталган мектепте « Социалдык өнөктөштүк – ийгиликтин ачкычы» деген темада облустук семинар өткөрүлдү.

   Семинарга профсоюздун райондук, шаардык комитеттеринин жетекчилери, Аксы районунун Үч-Коргон айыл округунун аймагында жайгашкан мектептердин баштапкы уюмдарынын жетекчилери, айыл округунун өкүлү катышты.

   Семинардын катышуучулары алгач Терс айылында жайгашкан Кожобеков атындыгы орто мектепте болушуп «Тажрыйба участогунун биология сабагындагы ролу жана аны башка предметтик сабактарда, класстан тышкаркы иштерде колдонуу» боюнча иштери менен жеринде таанышышты.

   Мектептик биология мугалими З.Асаналиева тажрыйба аянтчасын уюштуруу боюнча катышуучуларга кеӊири маалымат берди. Берилген суроолорго жооп кайтарды.

   Мектеп директору мектеп жөнүндө жалпы маалымат менен тааныштырды.

    Мектепте 22 мугалим иштеп, 308 окуучуга таалим – тарбия берип жатат. Алардын ичинен  14 мугалим жогорку билимдүү, 3 мугалим «КРнын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

   Н.И.Мешков атындагы орто мектепте директору Камчыбеков Сагын, профкомдун төрайымы Атамкулова Советкандар тосуп алышып, кабинеттер, музейлер менен тааныштырышты.

   Ошону менен бирге алар мектептин эмгек жамаатынын, профкомдун жүргүзүп жаткан алгылыктуу иштери менен тажрыйба бөлүштү.

   Семинардын экинчи бөлүгүндө профсоюздун Аксы райкомунун төрагасы  А.Бабакулов кеӊири маалымат менен  чыгып сүйлөдү. Райкомдун жүргүзүп жаткан ар тараптуу иштери менен тааныштырды.                                                                              

   Үч-Коргон айыл округунун башчысынын орунбасары                        Сакиев Калыбек «Үч тараптуу макулдашуунун шарттарын аткарууда айыл округунун ишмердүүлүгү жөнүндө» деген темада баяндама жасады.

    Ала-Бука райкомунун төрагасы Дурусалиев Жакыпбай «Эки тараптуу келишимдерди жана үч тараптуу макулдашууларды жүргүзүүнүн принциптери жана иштөө механизимдери» деген тема райондун иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Алгылыктуу иш аракеттери менен чечилүүчү айрым маселелерди да белгилеп өттү.

    Профсоюздун Чаткал райкомунун төрагасы Батырбеков Азанхан «Билим берүү мекемелеринде профсоюздук ишти уюштуруунун принциптери жана формалары» (иш тажрыйбадан) билдирүү-баяндама жасады.

    Жасалган баяндамалар боюнча эркин пикир алмашуу жүрүп, семинардын катышуучулары суроо-жооп формасында баарлашты.

   Семинардын ишин жыйынтыктоо сөзү менен обкомдун төрагасы К.Мурзакматов жабык деп жарыялады.

Обком профсоюз.