Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык жана профсоюздук кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди

     Ноокен  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  демилгеси  менен 2016-жылдын  19-октябры  күнү  “Динара”  кафесинде  социалдык жана  профсоюздук кызматкерлердин кесиптик  майрамына  карата  азем  өткөрүлдү.  Майрамдык  аземди  райондун  акими  А.К. Осмонов ачып, кесип  ээлерин куттуктады. Куттуктоосунда социалдык  жана  профсоюздук   кызматкерлердин  райондун элине  аткарып  жаткан  иштерин  өзгөчө  белгилеп өттү.

     Профсоюздар  менен  социалдык  өнөктөштук  багытындагы  жетишкен  ийгиликтерге  токтолду.  Райондо эмгек  адамдарына  татыктуу  шарттарды  түзүү багытында  биргеликте  иш  аракеттер болушуна  ишеним  билдирди. Мамлекеттик, айыл-чарба, билим  берүү, маданият,  медицина  кызматкерлеринин  алдынкы  профсоюз  лидерлери  “Ардак Грамоталар”  менен   сыйланды.Катышуучуларга  райондун  маданият  кызматкерлери  майрамдык  маанай  тартуулашты.  Катышуучулар  майрамдык  аземдын  уюштуруучуларына  ыраазычылыктарын  билдиришти.

Материалды  даярдаган Ноокен  райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров