Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштөр менен биргеликте аткарылган иштер жыйынтыкталды.

2016-жылдын  29-мартында  Ноокен  районунун  №29 Я. Мирзаходжаев атындагы  орто  мектебинин   чогулуштар залында  Билим,  илим  профсоюзунун  Ноокен райондук  комитетинин  2-ПЛЕНУМУ  болуп өттү.  

             Пленумдун  иши билим  берүү  тармагында  көп  жылдар  бою үзүрлүү эмгектенген ардактуу билим  берүү  кызматкерлерине “Ноокен   районунун  билим берүүсүнүн АРДАГЕРИ” төш белгилерин  салтанаттуу  түрдө тапшыруу  менен  башталды.

                Райондук  комитеттин төрагасы К.Нышанов “Билим  берүү  кызматкарлерын   социалдык-экономикалык   маселелерин   чечилишиндеги Ноокен райондук  комитети  жана  социалдык өнөктөштөрдүн   биргелешкен иш  аракетери  менен 2015-жылда  аткарылган  иштер  жөнүндө” баяндамасында төмөнкүлөрдү белгиледи.                             

             I.  Жергиликтүү  өз-өзүн  башкаруу   органдары  тарабынан «Билим берүү  жөнүндөгү»  мыйзамынын 32- беренеси  жана   «Мугалимдин  статусу  жөнүндөгү»  мыйзамынын 8-10-11  беренелерине     ылайык  билим  берүү  кызматкерлеринин  социалдык-экономикалык  маселелерин  чечилиши боюнча маалыматтар.

1.Райондун  704  билим берүү  кызматкерлерине  1562,92  га  жер  үлүшү  берилген.

2.11  жаш   адиске  108000 сом бир  жолку  берилүүчү жөлөк  акчасы  берилген.

3.Медициналык кароодон 816 билим берүү  кызматкери акысыз  өткөрүлгөн.

4. 5  мектеп  жана 1  бакчага  10,74  га кайра бөлүштүрүү  Фондунан  жер  берилген.

5.Мектептерде 13264  дана  китеп менен акысыз окуучулар камсыздалган.

6. Билим  берүү  тармагынын  чарбалык  иштерине  жергиликтүү  өз-өзүн  башкаруу  органдарынын  бюджетинен  1 млн 973 мин 785 сом  берилген.

7.Мектептердин,  бакчалардын   ремонтуна,  долбоорлордун  депозитине жергиликтүү  өз-өзун  башкаруу  органдарынын  бюджетинен  3 млн 177 мин 675  сом  берилген.

8.Комуналдык  чыгымдар  учун  68  мугалимге  260  мин 400  сом төлөп  берилген.

9. 31 билим  берүү  кызматкерлерине турак жай  куруу  үчүн   жер  участкалары  берилген.

      Ноокен  районунун  билим  берүү  тармагындагы  милдеттерге  токтолду.

Райондун билим  берүү  тармагында төмөнкүдөй көйгөйлүү маселелерди  чечүү  милдеттери  турат:

1. Жергиликтүү өз-өзүн  башкарүү  органдары  менен  билим  берүү  кызматкерлерине коммуналдык  төлөөлөр  үчүн  каражаттарды чечүү;

2.Эмгектенүү  шарттарын  жакшыртуу багытындагы иштерди улантуу;

3..Жаш  адистерге айлык  окладынын  10 эселенген  жолок  пулдарын  төлөп  берүү  үчүн 2016-жылдын бюджетине киргизүү үчүн депутаттар  менен  уюштуруу  иштери жүрүүдө; Жаш адистерге  усулдук жардамдар  берүүнү жакшыртүүга жетишүү;

4.Турмуш  шартын жакшыртуу  үчүн турак-жай  салууга  жер  участкаларын  бөлүп  берүүнү чечүү; Ипотекалык кредиттерди алып берүүгө көмөк  көрсөтүү;

5.Ардагер мугалимдердин кадыр  баркын  көтөрүү  үчүң “Ноокен районунун  билим берүүсун Ардагери” төш  белиси  менен сыйлоону  уюштуруу жана  материалдык  көмөк көрсөтүү;

6. Ооручан билим  берүү  кызматкерлерин ден-солугун бекемдоо үчүң жолдонмолорду   демөорчулөрдүн, жергиликтүү  бюджеттин  жана  иш беруучулөрдүн  каражаттарынын  эсебинен алып берүү  маселелерин  чечүү;

7.Райондук  комитетин  бюджеттинин  эсебинен Кочкор-Ата  санаториясы  менен  келишимдерди тузуп, билим  берүү  кызматкерлерин ден-соолуктарын  бекемдоо багытындагы  иштердерди  өркүндөтүү;

8.Билим берүү  кызматкерлеринин  кесиптик чыгармачылыгын  өркүндотүү,  тажрыйбасын  жайылтүү иштерин кароо-сынактар аркылуу көторүүгө жетишүү;

9.Маалымат каражаттары  менен  тыгыз  байланышта  иштоону жолго кою;

10.Билим  берүү  кызматкерлерин  эмгектерин  стимулдаштырууну системалуу  уюштуруу;

               Ноокен  райондук билим  берүү бөлүмү  менен  Билим, илим  профсоюзунун Ноокен  райондук  комитетинин “Билим берүү  тармагын  өнүктүрүү  үчүн  өрчүндүү  маселелерин  жана  билим  берүү  кызматкерлеринин  социалдык-экономыкалык проблемаларын”  чечүү  максатында 2016-2018-жылдар  үчүн  түзүлгөн МАКУЛДАШУУСУ бекитилди.

Пленум  кун  тартибиндеги маселелер  боюнча тийиштүү  токтомдор  кабыл  алды. 

Даярдаган, Билим, илим профсоюзунун Ноокен  райондук  комитетинин  укук  жана  эмгек  боюнча тескөөчүсү- А. Айдаров.