Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштөр менен билим берүү кызматкерлерине кам көрүү” темасындагы райондук профсоюздук иш-чара өткөрүлдү

         2017-жылдын  29-ноябрында Базар-Коргон  районунун Бешик-Жон  айыл  аймагындагы №22 Тагай  уулу  Камал  атындагы   орто  мектебинин  базасында   “Социалдык  өнөктөштөр менен  билим  берүү  кызматкерлерине кам  көрүү” темасында  райондук   профсоюздук  иш-чара  өткөрүлдү.

         Иш-чарага Жалал-Абад  обкомунун  инспектору  А.Айдаров, райБББнүн  башчысы Т.Ж.Усенов, райКБКнын  төрагасы  С.С.Жаркынбаев, райБББнун башкы  бухгалтери  Б.Дүйшөбаева,мектептердин директорлору, баштапкы  профсоюздук  уюмдардын  төрагалары катышышты.

          Иш-чаранын  1-бөлүгүндө  “Балдардын  коопсуздугун  камсыздоонун иш-чаралары” темасындагы класстык  сааттарга  жана  класстан  тышкаркы  иш-чараларга  катышышты.

          2-бөлүгүндө “Үч  тараптүү  келишимдерди  түзүү  жана  аткарылышы”  темасында Бешик-Жон айыл  Өкмөтү  менен түзүлгөн үч тараптүү  келишимдерди  аткарылышы  менен  билим  берүү  кызматкерлерине  көрүлүп  жаткан  камкөрдүктар  жөнүндө №22, №42,№7,№8 мектептеринин директорлору жана  төрагалары слайддар  менен маалыматтар  беришти.

          Райадминистрация, райБББ,райКБК болуп  түзүлгөн үч тараптүү  МАКУЛДАШУУнун аткарылышы  менен эмгектенүү  шарттарын  жакшыртуу, билим  берүү  кызматкерлеринин  эмгектерин  стимулдаштыруу багытындагы иштердеги ийгиликтер жана алдындагы  милдеттер боюнча  райБББнүн  башчысы  Т. Усенов кыскача  маалымдады.

        Обкомдун инспектору  А.Айдаров үч  тараптуу  келишимдерди түзүүнүн жана  ишке  ашыруунун жолдору боюнча кошумча усулдук материалдары  менен  тааныштырып, обкомдун иши жөнүндө  дагы кыскача  маалымат  берди. Катышуучулар  тарабынан  берилген  суроолорго жооптор берилди.                                          

         РайБББнүн  башкы  бухгалтери Б.Дүйшөбаева айлыктар боюнча  берилген  суроолорго түшүндүрмөлөр  берди.

         Иш-чаранын   3-бөлүгүндө  мектептин  жамаааты тарабынан катышуучуларга концерт  тартууланды.

         Иш-чарага  катышкан  жетекчилер   иш-чаранын  уюштуруучуларына  ыраазычылык билдирилип, иштерине ийгиликтер  каалашты.

 

Материалды даярдаган:А.Айдаров Жалал-Абад  обкомунун инспектору.