Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШ КАНТИП УЮШТУРУЛАТ?

Социалдык өнөктөштөр менен сүйлөшүүнү жакшыртуу, жаны жамааттык келишимдерди жана социалдык өнөктөштүк боюнча макулдашууларды түзүүнү уюштурууга усулдук жардам көрсөтүү максатында 2018-жылдын 10-январында Баткен районунун Ш.Токсонов атындагы орто мектепте өткөрүлдү. Семинарга  бардык мектептердин жана балдар бакчаларынын БКБУ төрагалары катышышты.

Семинарда “Соиалдык өнөктөштүк – макулдашуу, укуктук негиздер, уюштуруу, жыйынтыктоо” деген тема талкууланды. 

Семинардын жүрүшүндө экскурсия уюштурулуп, профактивисттерге мектеп директору К.Дуйшоева, ПК төрайымы Т.Туратова мектеп жетекчилигинин жана БКБУнун биргелешкен иштери жөнүндө айтып беришти.

Семинарда БКБУ төрагалары төмөнкүдөй докладдарды угушту:

-Социалдык өнөктөштүк: максаты, сүйлөшүүлөрдү уюштуруу, мазмуну, жыйынтыктоо жолдору. (Т. Жумаев- РПК төрагасы)

-Айылдык билим берүү мекемелеринде социалдык өнөктөштүктү уюштуруунун жолдору жөнүндө. (А.Масалиев – РКПнын адиси)

- Социалдык макулдашууларды (жамааттык келишимдерди) түзүүнүн этаптары жана тараптары. (Абдыразакова Б. – РКПнын жет. адиси).

- Айыл аймагында билим берүү уюмдарында социалдык макулдашууларга тиркемелердин тематикасы жөнүндө. (А.Масалиев – РКПнын адиси)

Семинарга облустук комитеттин жооптуу кызматкери К.Акимов катышып, 2018-жылда кесиптик бирлик уюмдарынын алдындагы милдеттер жөнүндө сөз сүйлөдү. Акырында катышуучулардын социалдык өнөктөштүктү уюштуруу жана семинардын жүрүшү жөнүндө ой-пикирлерин жана сунуштарын угуп,  түшүндүрмөлөр берилди. Жыйынтыкты РКП төрагасы Т.Жумаев чыгарды жана 2018-жылдын январь-март айларында райондо, айыл аймактарында жана БКБУларда социалдык сүйлөшүүлөрдү баштоонун жана макулдашууларды түзүүнүн зарылдыгына токтолду.

Семинардын катышуучууларына  социалдык сүйлөшүүлөрдү баштоо жана макулдашууларды түзүү боюнча тиешелүү ченемдик-укутук документтердин пакети тапшырылды.