Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштөр менен бирге иштер аткарылууда

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары менен Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шааркому М.Мамасыдыков муниципалдык жана жеке менчик бала бакчалардагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы, балдарга бекитилген тизмеге ылайык тамак-аштардын берилүүсү жана азык-түлүктөрдүн коопсуздугу боюнча таанышып келишти.

Анда айрым бала бакчаларда санитардык эрежелердин сакталуусу боюнча кемчиликтер аныкталып, жетекчилерине эскертүүлөр берилди.

Шааркомдун төрагасы М.Мамасыдыков шаардык кеңештин депутаттарына шаардагы билим берүү мекемелериндеги көйгөйлөрдү айтып маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүүнү, бакчада иштеп жаткан кызматкерлерге жакшы шарттарды түзүүнү жана тармакты өнүктүрүү сунушун айтты.

Жалал-Абад шаарында 23 муниципалдык,14 жеке менчик бала бакча бар. Аларда 4,5 миңдей жеткинчек тарбияланат.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитети