Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТӨР БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТЕРЛЕРИНЕ КОЛДОО КӨРСӨТҮҮДӨ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети  социалдык өнөктөштүк боюнча мамилелерди жүргүзүүдө Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин ортосунда 2018-2020-жылдарда билим беруу кызматкерлеринин эмгектик, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча макулдашуунун, айыл өкмөттөрүнүн, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ортосунда  2018-2020-жылдарда билим беруу кызматкерлеринин эмгектик, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча 95 макулдашуулардын,  2 жамааттык келишимдердин аткарылышын  көзөмөлгө алуу менен иштеп келе жатат.  

Райондук, аймактык макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде белгиленген милдеттердин аткарылышын көзөзмөлдөө райадминистрациянын, райБББнын жана райондук комитеттин системалуу ишине айланган. Баткен районундагы 9 айыл өкмөтү 2019-жылы         8 мугалимге үй салууга жер беришкен. 67 мугалимге 58 200 сомдук акчалай сыйлыктар, мектептерге басма сөзгө жазылууга 13 500 сом, билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана жайкы дем алуусуна жардам катары 79 мугалимге 150 200 сом акча каражаттарын беришкен. Мындан тышкары 50  мугалимге турмуш-шартын оңдоо үчүн арзан баада 29,83 га айдоо жер жана бак берилген.  6 жаш мугалим уй шартын оңдоо үчүн 21 700 сомдук жөлөк пул алышкан. Самаркандек айыл өкмөтү 140  мугалимге 11, 2 тонна көмүр берген. Дара айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетинин эсебинен билим берүү кызматкерлеринин балдарынан  40 баланы Алмалык капчыгайындагы “Алтын бешик” ден соолукту чыңдоо борборуна эс алдырды.

 Кийинки үч жылда райондук социалдык макулдашууга ылайык материалдык колдоо катары жаңыдан жумушка орношкон  жаш мугалимдерге жыл сайын 1 500 сомдон материалдык жардам көрсөтүлүп келет. Атап айтканда, бул максатта 2019-жылы раймамадминистрация  11 500 сом, райондук комитет 23 00 сом бөлүшкөн.

Жыл  сайын айыл өкмөттөрүнүн арасында билим берүү кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү  боюнча “Мыкты социалдык өнөктөш – айыл өкмөтү” кароо-сынагы өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрация жеңүүчү болгон айыл өкмөттөрүн сыйлыктар менен сыйлап келет. Быйыл да бул конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында төмөнкү айыл өкмөттөрү жеңүүчү болуп, райондук мамлекеттик администрация тарбынан раймамадминистрациянын коллегиясында сыйланат:

Дара айыл өкмөтү - I орун   I даражадагы   диплом баалуу белек

Кара-Булак айыл өкмөтү - II орун  II даражадагы  диплом баалуу белек

Кара-Бак айыл өкмөтү - III орун III даражадагы диплом баалуу белек

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан  Баткен райондук  комитети 2020-жылдын январь айында райондун аймагындагы 

9 айыл өкмөтүнө, жергиликтүү кеңештерге 2020-жылдын бюджетин кабыл алууда билим берүү  кызматкерлерине социалдык колдоо максатында  каражат бөлүштүрүүнү сунуштадык. Бул жылы да бул багытта каражаттар бөлүнүп, социалдык өнөктөштүк жакшы жолго коюлмакчы.

Мындан ары да райондук жана баштапкы уюмдар тарабынан социалдык өнөктөштөр менен биргеликте социалдык макулдашууларда  жана жамааттык келишимдерде белгиленген милдеттенмелердин  аткарылышына такай көзөмөл жүргүзүү менен иштей беришмекчи.   

 

Билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси

Б.Абдыразакова