Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык өнөктөштүк багытында жүргүзүлүп жаткан иштер

«Билим берүү  жөнүндөгү»  мыйзамынын 32-беренеси  жана   «Мугалимдин  статусу  жөнүндөгү»  мыйзамынын 8-10-11-беренелерине ылайык билим берүү  кызматкерлеринин  социалдык-экономикалык  маселелерин  чечилиши боюнча мектеп администрациясы, баштапкы кесиптик уюмдары жана жергиликтүү  өзүн-өзү  башкаруу  органдарынын ортосунда Үч тараптуу макулдашуулар түзүлгөн.               

Макулдашууда  негизги  маселелердин  бири  билим  берүү  тармагында  эмгектенүү  шарттарын   жакшыртуу, окуу-тарбия   иштерин  жакшыртууга   ыңгайлуу  шарттарды  түзүү,  окуу-материалдык  базаны  чыңдоо  болуп  саналат. 

Анын негизинде Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтү тарабынан билим берүү кызматкерлери үчүн бир топ иштер жасалды.  

Атап айтсак, 2 мугалимге турак жай куруу үчүн жер участкасы берилип, дагы эки жаш адиске жөлөк пул төлөнүп берилди. 15 мектеп жана бала бакча кызматкерлерине кайра бөлүштүрүү фондунан 9 гектар жер иштетүү үчүн бөлүп берилген.

№21 Фуркат,  №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектептеринин жылытуу системасы толук ремонттон өткөрүлдү.

№18 “Чабалекей”, №25 “Бакыт” балдар бакчасынын имараты  капиталдык ремонттон өткөрүлүп, мебелдер алынып берилди.

Андан сырткары № 26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин жанында жаш өспүрүмдөр үчүн күрөш залы, балдар үчүн аянтча жана кичи-футбол аянтчасы,  № 40 Токтогул атындагы орто мектебине кичи-футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди.

Достук айыл өкмөтү тарабынан 7 422 138 сом каражат бөлүнүп, 19 987 216 сом инвестиция  тартылган.

Достук айыл өкмөтү 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүсү болуп саналат.

 

Ноокен райКБКнын төрагасы

 К.Нышанов