Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

2023-жылдын 19-октябрь күнү Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жыйындар залдында Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата  иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарада  Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Р.С.Мырзакулов Кыргыз Республикасында социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Асанбаев, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Ш.Мырзамидинов иш-чаранын катышуучуларын майрамы менен куттукташты жана  алдыёкы баштапкы профсоюз уюмунун төрага, тарайымдарына, профсоюз мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлеринин кесипик бирлигинин Борбордук Комитетинин «Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгисин жана Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталарын тапшырды.

Ошондой эле кесиптик бирликтин ишинин алга жылуусуна кошкон салымдары үчүн баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрага, төрайымдары жана кесиптик бирлик менен бирге иш алып барган өнөктөш билим берүү уюмдарынын директорлору Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызмакерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйланышты. 

   

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети