Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сүлүктүдө мугалимдердин профсоюз уюму жардам уюштурду.

Сүлүктүдө мугалимдердин профсоюз уюму жардам уюштурду.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу тарабынан, агартуу майданында эмгектенип жаткан, ден-соолугу жана үй бүлөлүк шарты боюнча жардамга муктаж профсоюз мүчөлөрүнө ун азыгы жана суу май берилди. Профсоюздун Борбордук жана областтык комитетинин тапшырмасы жана Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети тарабынан аз камсыз болгон, турмуш шарты оор 22 кызматкердин ар бирине 1-сорттогу ун 1 кап жана 5литрден өсүмдүк майы жардам берилди. Белгилүү болгондой билим берүү тармагында эмгектенип жаткан педагогикалык кызматкерлердин эмгек акысы 30%га көбөйдү, бирок техникалык кызматкерлердин эмгек акысы азырынча ошол эле бойдон калып 2500 сомдон башталып, 5000 сомго чейин (эмгек стажы ж.б жараша) түзөт. Жардам алуучулардын тизмеси атайын комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сунушталып, такталды. Тизмеге кирбей калган жарандарга жардам берүү үчүн Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кенешине жана шаардык штабга кат менен кайрылдык. Азыркы кырдаалга байланыштуу жардам берүү үчүн эң коопсуз ыкма колдонулду. Шаардын борборундагы азык-түлүк саткан муниципиалдык базар менен келишим түзүлүп, жардам алгандар ошол жерден тизме боюнча жардамдарын алып кетти. Жардамдын даректүү болгонун К.Кудаяров жеке көзөмөлгө алды. Белгилей кетүүчү дагы бир жагдай, буга чейин шаардык комитеттин эсебинен февральмарт айларында да муктаждыгы бар 10 билим берүү кызматкерлерине материалдык жардам акччалай берилген болчу. Шаардык комитеттин төрагасы К.С.Кудаяров профсоюздун негизги максаты катары билим берүү кызматкерлеринин социалдык абалына материалдык жана моралдык жардам берүү менен укуктук маданиятын жогорулатуу багыттарын алдыга коёт. Билим берүү кызматкерлери шаардык комитеттин төрагасына жана профсоюз жогорку органдарынын жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришүүдө.