Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сүлүктү шаарынын конференциясы

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык уюмунун отчеттук кайра шайлоо конференциясына 17 баштапкы уюмдардан 21 делегат, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов, билим берүү жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен обкомунун президиумунун мүчөсү А.Бердиев, шаардагы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Конференцияда комитеттин 2015-2020 жылдарда аткарган иштеринин отчету менен шааркомдун төрагасы К.Кудаяров өз докладында кеңири тааныштырды. Шаардык профсоюз уюмунун финансылык ишмердүүлүгү боюнча текшерүү комиссиясынын отчету угулду. Жарыш сөзгө чыгышкан делегаттар комитеттин ишин канааттандырарлык деп баалашты.

Делегаттар шаардык комитеттин 11 кишиден турган жаңы курамын жана 5 кишиден президиумунун курамын бекитишти. Алар кийинки 5 жылга шаардык комитеттин төрагалыгына кайра К.Кудаяровдун талапкерлигин сунушташып, бир добуштан ишеним көрсөтүштү.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму жана аппараты, обкомдору, райкомдору, шааркомдору, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттери, “Позиция профсоюза” газетасынын редакциясы, тармактык профсоюздун Баткен облусундагы активи, Сүлүктү шаардык билим берүү  бөлүмүнүн кызматкерлери  Канатбек Кудаяровичти бул ардактуу жана жоопкерчиликтүү кызматка  кайрадан шайланышы менен ак ниеттен куттукташат, төрагага чың ден соолук, иштерине ийгилик,  үй-бүлөдө ынтымак болушун каалашат.