Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Швейцариянын Женева университетинен келген делегация ОшМУда болушту

Женева университетинин медицина факультетинин медициналык билим берүүнү изилдөө жана өнүктүрүү институтунун директору, профессор Ну Виет Ву жана  профессор Анна Варофио  баштаган делегация Ош мамлекеттик университетинде болушуп, ректору К.А.Исаков башында турган жетекчилик менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө медицина факультетиндеги “Дарылоо иши” адистигине жаңы окуу планын киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Ошондой эле Медицина факультетинин окуу корпусунун жаңына курулуп, учурда иштеп жаткан университеттин медициналык клиникасынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.  Таанышуу учурунда заман талаптарын эске алып, жаңы инновациялык технологиялар жабдылган клиниканын материалдык-техникалык базасына баа беришти. 

Швейцариядан келген коноктор жаны окуу планын түзүүгө техникалык жана методикалык жактан көмөктөшүү жана өз ара кызматташуу тууралуу пикирин билдиришти.