Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Шерине -2021"  оюнун Кара-Көл шаарында өттү

2021-жылдын 29-мартында Кара-Көл шаарындагы мектептер, бала бакчалар  арасында спорт суйуучулөрдун "Шерине 2021"  оюнун Кара-Көл шаарындагы Темиров Туралы атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин мугалимдер жамааты уюштурушту.

  

Сергек жашоонун түрү – ден соолукту коргоого, сактоого жана бекемдөөгө багытталган. Адамдын жүрүш-турушунун системасы бекем ден соолук. "Спорт – ден соолуктун булагы, ийгилик-ынтымактын башаты" деген ураан менен спорт сүйүүчүлөр, спорттун түрлөрү волейбол,теннис, ордо, шахмат оюндарын мыкты даярдыкта ойношуп, майрамдык маанайда кайтышты.

 

Спорт оюндарына катышкандын аркасында башкалар менен мамиле түзгөндү, кызматташканды үйрөндүм - деп спорт сүйүүчүсү айткандай, мектептер арасында ынтымак, кызматташтык  болоорун баса белгилеп, мектептен уюштуруучу Женалиева Рахат Жокойжановна "Шерине 2021" оюнун алып барды. Мектептин жетекчиси Торогелдиев Жыргал Кожошевичке Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Бопоновна жетектеген мектеп директорлору, Баластан, Келечек балдар бакчасынын жетекчилери, билим берүү бөлүмүнүн метод кабинет башчысы, профсоюз уюмунун төрайымы Айгул Каракозуева катышышып, бардык жетекчилер спорт сүйүүчүлөргө ийгилик каалашып, каалоо тилектерин билдиришти. Профсоюз уюму тарабынан ар бир командага акчалай сыйлык тапшырды.

Мектеп окуучулары тарабынан спорт суйуучулорго майрамдык маанай тартуулоо менен ыр  бийлерди  тартуулашты.

Спорт оюндарын жыйынтыктап, мектеп жетекчиси Ж.К.Торогелдиев спорт сүйүүчүлөргө ийгилик каалап, алдынкы орундарга акчалай сыйлыктарды, ардак громаталарды тапшырды.

Волейбол оюну боюнча 1-орунга Баластан балдар бакчасы, 2-орунга Шопоков атындагы мектеби  3-орунга Келечек балдар бакчасы ээ болушту. Теннис оюну боюнча 1-орунга Фрунзе атындагы мектеби, 2-орунга Келечек балдар бакчасы, 3-орунга Токтогул мектеби ээ болушту. Шахмат оюну боюнча эркектер аралык оюдан 1-орунга Б.Сарпашев, 2-орунга К.Тумантаев 3-орунга А.Биймырзаев ээ болушту. Шахмат оюну боюнча эжекелер аралык оюндан 1-орунга А.Алдакенова, 2-орунга А.Турдиева, 3-орунга Б.Осмонкулова ээ болушту. Ордо оюну боюнча 1-орунга Хуриев атындагы мектеби, 2-орунга Темиров Туралы атындагы мектеби, 3-орунга Келечек балдар бакчасы ээ болушту.

Спорт сүйүүчүлөр уюштуруу тобуна ыразычылыктарын билдиришип, жакшы маанайда кайтышты.

 

Материалды даярдаган: Кара-Көл шаарынын профкомунун төрайымы Каракозуева Айгуль