Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Шаршалиев Эсен Белековичтин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш

2018-жылдын  15- апрелинде    Ысык-Көл  районунун  Кашат айылындагы   К. Кудайбердиева  атындагы  орто мектебинде   Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлеринин   райондук, шаардык  профсоюз комитеттеринин  төрага-төрайымдарынын,   Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин   жана  Шаршалиев Эсен Белековичтин  үй-бүлөсүнүн, туугандарынын,  досторунун, классташтарынын   катышуусунда   Ысык-Көл  районундагы билим берүү  уюмдарында эмгектенген кызматкерлер  арасында Шаршалиев Эсен Белековичтин жаркын  элесине арналган спорттук мелдештин  финалдык  туру  өткөрүлдү.

      Спорттун  волейбол  оюну  (кыз-келиндер,  мырзалар) жана мини  футбол (мырзалар)  арасында  мелдеш  жобонун негизинде жарыяланган . 

      6-7-апрелде  Ысык-Көл  районундагы билим берүү  уюмдарында эмгектенген кызматкерлер төрт зонага бөлүнүп,   спорттук түрүлөрүнөн  жобого ылайык  финалдык  турга  катышуучулар  аныкталган.

     Финалдык турда   мини  футбол боюнча   4 команда,  волейбол боюнча  (кыз-келиндер)   4 команда,    мырзаларынан  4-команда  жана  Туп районун мугалимдеринен 1-команда баардыгы 13 команда  күч  сынашты.

           К. Кудайбердиева  атындагы  орто мектебинин     спорт залында мелдештин катышуучулары менен спорттук   парад  уюштурулуп,   гимн ойнолду. Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын уюштуруучусу Молдокматов Өмүрбек  сөз сүйлөп спорттук мелдешти  ачты жана Шаршалиев Эсен Белековичтин билим берүү  тармагына жана  профсоюз уюмунун  өсүшүнө  кошкон салымдары, алган сыйлыктары жөнүндө айтып өттү.  Айылдын имамы  тарабынан  Эсен Белековичке  багыштап  куран окутулду.  Бул салтанатка  катышып жаткан  үй-бүлөсүнүн, туугандарынын,  досторунун,  айылдаштарынын жана айыл-өкмөт башчысы, депутаттардын айылдык кеңешинин  төрагалары  Эсен Белековичтин адамдык сапаты, кылык –жоруктары   жөнүндө айтышып, бул мелдештин жылыга өтүлүшүнө ийгилик каалап,   уюштуруп жаткан  Ысык-Көл райондук билим берүү кызматкерлеринин   профсоюз комитетинин төрагасы  Урбаев  Уланга  ыраазычылыктары  айтылды.

         Ысык-Кол райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан Эсен Белековичтин  сүрөтү  түшүрүлгөн  чоң  банер,   дипломдор жасатылган,  кубоктор сатылып алынган  жана ошондой эле үйбүлөсү тарабынан уюштурулган  мугалимдердин жана чакырылган адамдарга  үчүн  түштөнүүсүнө  жардам катары  акча каражат бөлүнүп берилди. Спорттук мелдештин   жүрүшү   Облустук  телевиденияга  тартылып  17.04.2018ж  “Ысык-Көл телевидениясы”  аркылуу көрсөтүлдү.

   Үч   1 чи  орундарга  8 миң сомдон   жалпы  24 миң сом үй-бүлөсүнүн, туугандарынын  куда-сөөктөрү   атынан,   2чи  орундарга 5 миң сомдон  жалпы  15 миң  сом досторунун, классташтарынын  тарабынан,  ошондой эле 3чү орундарга   3 миң сомдон  жалпы  9 миң  сом  Ысык-Көл облусунун билим берүү кызматкерлеринин   райондук, шаардык  профсоюз комитеттеринин тарабынан  берилип сыйлыктар  жеңүүчү  болгон командаларга  тапшырылды.

Ө.Молдокматов