Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Шаардын тазалыгы – сенин, менин абийирим!

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын демилгеси менен шаардын аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында Жалал-Абад шаарында ишембилик жарыяланган.Тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча уюштуруу иштери ар бир структуралык түзүмдөрдүн кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери тарабынан уюштурулуп, атайын түзүлгөн график боюнча ишембиликтер өтүүдө.

Айрыкча, Жалал-Абад колледжинин кызматкерлери колледждин баштапкы кесиптик бирлик бирлигинин жетекчиси Н.Эсенбаеванын уюштуруусу менен  бөлүштүрүлгөн территорияларда санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери кызуу  жүргүзүлүүдө. Ошондой эле филология факультетинин  жамааты баштапкы кесиптик бирликтин жетекчиси Д.Алимаматованын уюштуруусу менен   тазалоо иштерин жүргүзүшүп, элдик каада боюнча жаз алды менен түлөө өткөрүштү. Экономикалык-юридикалык факультеттин кесиптик бирлигинин жетекчиси Н.Мусакулов факультетте  окуу бөлмөлөрдү тазалоо менен айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери мыкты жүрүп жаткандыгын билдирди.

Ал эми Э.Уметов атындагы педагогика факультетинде факультеттин баштапкы кесиптик бирлигигин жетекчиси Т.Ташмаматовдун уюштуруусу менен окуу имаратынын айланасы ирээтке келтирилип, Нооруз майрамына кызуу даярдык көрүлүүдө.

 

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети