Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сертификаттар тапшырылды

ОшМУнун  профсоюз  уюмунун  негизги  максаттарынын  бири -  окутуучулардын  квалификациясын  жогорулатууга кам көрүү 2024-жылдын январь айында профессордук - окутуучулук курамы үчүн кесиптик жана педагогикалык квалификацияны жогорулатуу боюнча 72 сааттык, 36 сааттык курстар уюштурулду. Бул семинарлар 10дон ашуун  багыт боюнча уюштурулуп,  жалпысынан  300дөн  ашуун окутуучулар “Заманбап билим берүү: стандарттар, талаптар, ыкмалар”, “Жогорку билим берүүдөгү педагогиканын жана психологиянын негиздери”, “Билим берүүнүн менеджменти”, “Көп тилдүү билим берүү”, “Тилге окутуунун коммуникативдик  ыкмалары”, “Сынчыл ойломду өстүрүүнүн ыкмалары” багыттары боюнча квалификацияларын  жогорулатышууда. Аталган семинарлар 27-январга чейин уланып, окутуучулар өз алдынча иштөөгө берилген тапшырмалар аткарылгандан кийин ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун сертификаттары тапшырылмакчы.  

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети