Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сергек жашоо мектеп турмушунда

Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы А.Эрматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кесип бирлик уюму тарабынан, кесип бирлик төрагасы Алымкулов Абдибалинин демилгеси менен эжеке агайлар арасында кышкы эс алуу учурунда спорттук оюндун түрлөрү боюнча мелдеш уюштурулду.

Эжекелер арасында аркан тартыш, волейбол, агайлар арасында шахмат, теннис оюндары өткөрүлдү. Айрыкча эжекелер арасында өткөрүлгөн оюндар кызыктуу болуп, жалпы мугалимдердин маанайлары көтөрүлүп, эс алуу аябай жакшы өттү. Кесип бирлигинин мүчөлүк акысынын эсебинен алган орундарына жараша сыйлыктар ыйгарылды. Оюндун аягында мугалимдер үчүн сый тамак уюштурулду.

 

Жазган:

Исмаилова Нурзат