Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Сергек коом” урааны астында спартакиада өттү

Баткен шаарында 2022-жылдын 20-майында билим берүү кызматкерлеринин арасында спартакиада өткөрүлдү. Спартакиада Баткен шаардык спорт комитетинин башчысы Ж.С.Токсобаев, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Ахматбеков жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун комитетинин төрайым М.Калыкованын катышуусунда өттү. Баткен шаарынын билим берүү кызматкерлери үчүн “Сергек коом” ураанынын астында өткөрүлгөн спартакиада шаардык профсоюз комитетинин демилгеси жана каржылоосу менен уюштурулду.

Спартакиада Баткен шаарындагы А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектебинин базасында спорттун 4 түрү волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол боюнча өткөрүлдү. Спартакиадага 12 командада жалпысынан 188 профсоюз мүчөлөрү катышып, күч сынашты. Жыйынтыгында волейбол боюнча аялдар арасында 1-орунга Ж.Боконбаев атындагы орто мектеби, 2-орунга В.И.Ленин атындагы орто мектебинин, 3-орунга С.Айтматов а.о.м. командалары татыктуу болушту. Ал эми мини футбол боюнча эркектер арасында 1-орунга В.И.Ленин а.о.м. командасы, 2-орунга Ж.Боконбаев а.о.м. командасы, 3-орунга С.Айтматов а.о.м. командалары, татыктуу болушту.

Спартакиаданын жыйынтыгында женүүчү командалар Баткен шаардык комитетинин төрайымы М.Калыкова тарабынан даярдалган 1-2-3-даражадагы диплом, акчалай сыйлыктар жана Мыкты оюнчулар, “Мыкты  чабуулчу”, “Мыкты коргоочу”, “Ардагер спортчу”, “Жаш  спортчу”, “Мыкты оюнчу” номинациялары боюнча атайын белектер менен сыйланышты. Жеңүүчү болгон мыкты оюнчулар жана командалар билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасынын областтык туруна катышууга укук алышты.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык КБКнын төрайымы М.Калыкова