Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар

Билим берүү   жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Жалал-Абад  облустук комитети  тарабынан   2019-жылдын  12-мартында Ноокен районунун №16 Ж.Турусбеков  атындагы  орто  мектебинин  базасында “2019 - жыл - Региондорду өнүктүрүү жана  санариптештирүү  жылында”  окуу  семинары болуп  өттү. Семинарга Токтогул профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, казначей, укук жана эмгекти коргоо инспектору болуп жигердуу катышып келдик. Семинар катышуучулары 3  тайпага бөлүнүп  иштеп 1-тайпа  менен обкомдун  төрагасы А.Исмаилов, обкомдун  уюштуруу болумунун  башчысы А.Бегматов, 2- тайпа менен обкомдун  инспектору  А.Айдаров, 3-тайпа менен  финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулайманов окуу  материалдары слайддар менен коргозуп  өткөрүп беришишти.

        Семинарда  төмөндөгү тематикалар боюнча материалдар берилди:

  1. Социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жолдору.
  2. Профсоюздук ишмердүүлүктө уюштуруу  иштери.
  3. Айлык акыларды эсептөө  жана эмгекке  жарамсыздык баракчаларына төлөөлөр.
  4. Укук коргоо иштери жана эмгекти коргоо ,коопсуздук  техникаси нормаларын  аткарылышын көзөмөлдөө.
  5. Финансалык иштерди   уюштуруу.
  6. Жаштар менен иштоо жана маалымат иштерди уюштуруу.
  7. Балдар эмгегин пайдаланууну алдын  алуу  чаралары.
  8. Профсоюздук ишмердүүлүктө гендердик саясатты ишке ашыруу.
  9. Туруктуу өнүгүүнүн максаттары.

 

Семинарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов жыйынтыктап, алынган билимдерди профсоюздук ишмердүүлүктө толук  пайдалануу  милдеттерин койду.

 

Метериалды даярдаган:

Токтогул профсоюз комитетинин инспектору

Дуйшоналиев С.