Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Семинар-тренинг”

    Кадамжай шаарында 2018-жылдын 30-мартында Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарына караштуу билим берүү мекемелеринин англис  тили мугалимдерине Оксфорд Пресс Окулчулугу тарабынан келип түшкɵн окуу методикалык комплектерди сунуштап, семинар-тренинг ɵткɵрүштү.  Сунушталган  колдонмолор ынгайлуу структурасы,  жеткиликтүү граматикасы, ар кандай деӊгээлдеги, практика үчүн кɵнүгүүлɵрдүн кɵптүгү менен айырмаланышат. Кɵнүгүүлɵр тил кɵндүмдɵрүн жана кеп билгичтиктерин  калыптандырууга багытталып, окуучунун кызыкчылыгын, анын жаш ɵзгɵчɵлүгүн эске алып, коммуникативдүү компетенцияны калыптандырууга негизделген. Окуу методикалык комплекси-акыркы алынуучу натыйжаны кɵздɵй кошумча кɵнүгүүлɵр, “жɵнɵкɵйдɵн-татаалга” принцибин пайдаланып, сюжеттүү линия аркылуу, угуу үчүн текстерди  жана ырларды камтыйт. Англис тили сабагында окуу методикалык комплекстерин (ОКМ) эффективдүү колдонуу Оксфорд Университетинин чоӊ илимий потенциалынын негизинде түзүлгɵндүгү менен аныкталат жана методологиялык иштелмелердин сапатына коюлган бийик талаптарга жооп бере алат.