Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар болуп өттү

Ноокат районунун аймагындагы Нойгут, Р.Хужамов жана Н.Найманбаев атындагы орто мектептердин базасында билим берүү уюмдарында тобокелдиктерди азайтууга багытталган семинар өткөрүлдү.

Анда өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана эмгекти коргоо боюнча укуктук-ченемдик актыларынын аткарылыштары, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча маалыматтар берилди. Семинарга райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин директорлору, баштапкы кесиптик бирликтин төрага, төрайымдары, өрт коопсуздугу боюнча атайын адистер катышты.

Семинарга райондук билим берүү кызматкерлеринин Ноокат райондук комитетинин төрайымы Н.К.Тажибаева катышып, өткөрүлүп жаткан иш чара боюнча катышуучуларга өз кеңештерин айтып, жылдын жыйынтыгы боюнча билим берүү уюмдары сыйлыктарга көрсөтүлөрүн белгиледи.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети