Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар болуп өттү

А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиянын базасында кесиптик бирлик кружокторун уюштуруу боюнча семинар болуп өттү. Семинарга райондун аймактарынан чакырылган 10 мектептин баштапкы кесиптик бирлик комитетинин төрайымдары жана кесиптик бирлик активдери катышты.

Кесиптик бирлик кружокторунун ишин уюштуруу боюнча  Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов киришүү сөз сүйлөп, кесиптик бирлик кружокторунун актуалдуулугуна токтолду. 

      Семинарда тренерлер тарабынан кесиптик бирлик кружокторду түзүүнүн актуалдуулугу, кружоктордун ишин уюштуруунун усулдук прициптери, кесиптик бирлик кружогунун жобосу, окуу планы жөнүндө семинардын катышуучуларына кеңири маалыматтар берилип, практикалык сабактар көрсөтүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети