Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Семинар болуп өттү

Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарындагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрүнө, мектеп жетекчилери жана бала бакчанын жетекчилерине "Ийгиликке бир кадам" деген темада семинар өткөрүлдү.

Ага жалпысынан 40 дан ашык кызматкер катышып, билим берүү тармагындагы жаңы мыйзамдар жана башка бир катар маселелер боюнча маалыматтарды Билим жана илим кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы жана Ысык-Көл облусундагы кесиптик бирлик комитететинин координатору Ө.Молдакматов түшүндүрүп берди.

Семинардын экинчи бөлүгүндө Президиум өткөрүдү.

Анда 2024-жылдын жылдык планы менен таанышуу жана сметаны бекитүү маселеси кабыл алынып, каралган маселелерге тиешелүү чечимдер чыгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Балыкчы шаардык комитети