Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сел кырсыгынан жабыркагандарга жардам берилди

Жалал-Абад областынын Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы сел кырсыгынан жабыр тарткан мугалимдерден Билим жана илим кызматкерлеринен кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов жана кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев кабар алышты. Алар кырсыкка кабылышкан мугалимдердин турак-короо жайларын көрүп чыгышты. Сел кырсыгынан жабыр тарткан «Ак Тилек» мектепке чейинки билим берүү уюмунда да  болушуп акча каражатынан жардам беришти.

Андан кийин сел кырсыгы учурунда 6 жашар кызынан ажыраган М.Юсупова атындагы орто мектебинин мугалими Айдарова Махабаттын үйүнө барышып көңүл айтышты, областтык комитеттен 10 000 сом, райондук комитеттен 5 000 сом жардам берилди.

Жашап турган үйүнө суу кирип жабыркаган Чангыр-Таш орто мектебинин мугалими Уразова Басиранын ал-акыбалы менен да таанышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райондук кесиптик бирлигинин адиси М.Примкулов