Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Санариптүү билим берүү-мыкты тарбиянын пайдубалы”

2021-жылдын 5-мартында Тогуз-Торо районундагы Барктабас атындагы №5 жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Санариптүү билим берүү-мыкты тарбиянын пайдубалы” деген темада семинар өткөрүлдү. Семинардын максаты:  Окутуу жана тарбия иштеринде, окуучунун эврикалык, логикалык, инсандык жөндөмүн ача билүү. Семинарга райондогу жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуу бөлүм башчылары, тарбия иштери боюнча уюштуруучулар жана мугалимдер катышты. Жыйынтыгында семинарга катышкан мугалимдер тарабынан семинар жогорку дээңгелде уюштурулгандыгын белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.

  

 

 

Барктабас атындагы №5 жалпы билим берүүчү орто мектебинин профкому А.Камбаралиев