Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Санарип мугалим – учур талабы.

Санарип мугалим – учур талабы.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасы менен биргеликте окутууну дистанттык формада уюштурууну сапаттуу өткөрүү үчүн жалпы мугалимдер жана тарбиячылар арасында “Санарип мугалим – учур талабы” деген онлайн кароо сынагын уюштурулуп өткөрүлдү. Жыйынтыгы 2020-жылдын 4-июнунда чыгарылды.

Сынакта шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов мугалимдердин жана тарбиячылардын чыгармачыл ишмердүүлүгүн жогорулатуу, учурдагы кырдаалга байланыштуу билим берүүнүн жаңы технологияларын өзөштүрүү менен мугалимдердин изденүүчүлүк дараметин көрсөтүп, алдыңкы иш тажрыйбаларды, ийгиликтерди жаратып жаткан мугалимдердин жана тарбиячылардын ат көтөргүс эмгектерин белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.М.Джапарова жана усулкаана башчысы Т.Каюмовалар тарабынан педагогдордун видеосабактардын саны, сабактын илимийлүүлүгү, тарбиялуулугу, заманбап усулдарды колдоно билүү, дистанттык окутуу боюнча ата-энелерге, окуучуларга түшундүрүү иштерин жүргүзүүсү, кырдаалга жараша үйбүлөдө моралдык-психологиялык абалды түзүүдө жардам берүүсү, окуучулар же тарбиялануучулар менен кайтарым байланыш түзүү чеберчилиги боюнча өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири айтышты.

Жыйынтыгында бул сынакты уюштуруу идеясын колдогон, мугалимдерге моралдыкматериалдык жактан демөөрчүлүк кылган билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.Кудаяров менен ШБББнын башчысы А.Исмановдор катышуучуларды I-II-III-даражадагы дипломдор, ардак грамота, жана акчалай белектер менен сыйлашты.

Сынакка катышышкан мугалимдер жана тарбиячылар ШБББнүн усулкаанасына жана өзгөчө колдоосу үчүн кесиптик бирлик комитетине ыраазычылктарын билдиришти.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринини кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин пресс катчысы Н.Аблакулова