Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

САЛТТУУ ОЮН САРМЕРДЕН

Быйылкы 2016-жыл тарых жана маданият жылы болуп белгиленгендигине байланыштуу шаардык билим берүү бөлүмү менен профсоюздук комитети  дагы бир жаңы демилгени алып чыкты. Натыйжада  кышкы каникул убагында биринчи ирет Токтогул атындагы №1 мектеп -гимназиясы менен Фрунзе атындагы  орус мектебинин эмгек жамааттарынын ортосунда  сармерден оюну уюштурулуп, ал №1-мектептин базасында   абдан көңүлдүү жана кызыктуу өттү.

Сармердендин программасында саламдашуу, элдик ырларды чебер аткаруу,  улуттук бий,  жаңылмачтарды жана табышмактарды айтышуу, чыгармачыл мугалимдер өздөрүнүн жазган ырларын көркөм окуу жана макал-лакаптарды айтышуу  болду.

Оюндун жүрүшүндө саламдашууда №3 -мектептен   информатика мугалими Шериева Гүлзар төкмөлүк салт менен саламдашып алдыга чыкса,  элдин ырларды ырдоодо №3-мектептен Иманалиева Райкан, №1-м.гимназиясынан  Манасбек кызы Бактыгүл, Тагаева Перизаттар, обондуу ырларды аткарууда №3-мектептен Күрөңкеева Шарипа менен Балтабаева Гүлжан, №1-мектептен Чыналиева Элнура менен Мурзабекова Айжандар элдин кумарын кандырышты.

Ал эми №1-мектеп-гимназиясынын кыргыз тилчи мугалими, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары Тагаева Рахат шайыр жеңенин ролун, №3-мектептин тажрыйбалуу кыргыз тилчи мугалими Осмонбеков Пахтакеч эрке агайдын ролун чебердик менен аткарышып, өздөрүнүн чечендигин, чебердигин, тамашакөйлүгүн көрсөтүшүп, көрөрмандарды кыраан-каткыга салып күлдүрүшкөндүгү менен чер жазышты.

Жаңылмач, табышмактарды айтууда да мугалимдер өздөрүнүн көптү билгендиктерин айгинелешти.

ШБББүнүн кызматкерлеринин  профсоюздук комитетинин төрайымы Каракозуева Айгул Карыпбаевна тарабынан  оюндун аягында өздөрүнүн талант-чеберчиликтерин көрсөтүшкөн мугалимдерге дипломдор жана акчалай сыйлыкар ыйгарылды. Шаардын билим берүү тармагындагы өтүлүп келе жаткан ар кандай маданий-уюштуруучулук иш чараларга актидүү катышып келе жаткандыгы үчүн №2-орто мектептин тажрыйбалуу  музыка мугалими Дүйшөбаев Алтыбай агайга да ыраазылык  билдирилип, акчалай сыйлык берилди.

Мугалимдер арасындагы сармерден оюну мындан ары дагы ырааттуу улантылмакчы.