Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Салтка айланган салтанат

          Бүгүн Жалал-Абад областындагы Ноокен районуна караштуу  Ж.Турусбеков атындагы №16-орто мектебинде  «Акыркы конгуроо» аземи өзгөчө шаң менен жогорку денгээлде өттү. Бул салтанатка Өкмөттүн  Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев  Кыянбек Урмаматович, Жалал-Абад облустук усулдук борборунун жетекчиси Токтосунов Акылбек Адешович, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Маматаев Эркинбек Садырбекович, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Козуев Бакыт Садыкович, Момбеков айыл Өкмөтунун жетекчиси Сейитова Жамила Тажикуловна, ата-энелер комитети Акматов Махаматжан Акматович, ардагер мугалимибиз Акметов Сапарбай Арзымбаевич, ата-энелер, 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр, мугалимдер катышышты.

            Аземде алгач сөз мектеп директору Юлдашева Зыяда Исламовнага берилип, ал мектептин жетишкен ийгиликтери, өзгөчө математика предмети боюнча республикалык сынакка катышып байгелүү орунду ээлеп, Эл Аралык олимпиаданын катышуучусу болгон Жадиева Адинайдын ийгилиги  жөнүндө толкундануу менен айтып өттү  жана  келген конокторду, бүтүрүүчүлөрдү  бүгүнкү салтанат менен куттуктады.

            Андан ары сөз келген конокторго берилип,   Өкмөттүн  Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыбалдиев  Кыянбек Урмаматович жана  Жалал-Абад облустук усулдук борборунун жетекчиси Токтосунов Акылбек Адешович сөз сүйлөштү. Алар да бүгүнкү салтанат менен куттукташып,  Жадиева Адинайды диплом жана «Мыкты окуучу»  төш белгиси менен сыйлашты.

            Өз кезегинде Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Маматаев Эркинбек Садырбекович  жана  Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Козуев Бакыт Садыкович да сөзгө чыгышып, өз куттуктоолорун билдиришти.

            Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Сейитова Жамила Тажикуловна жана ата-энелер комитети Акматов Махаматжан Акматович өз куттуктоолорун билдирүү менен бирге мектептин алдынкы окуучуларына жана спорт боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө диплом, грамоталарды тапшырышты.

            Мектеп окуучулары жана бүтүрүүчүлөр  даярдаган концерттик программа бул салтанаттын шаңына  шаң  кошту.

Даярдаган: Тагаева Нургүл Закиралиевна -№16 Ж.Турусбеков  атындагы орто мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы,  райКБКнын эмгекти коргоо боюнча коомдук тескөөчүсү,  «Билим, илим  профсоюзунун  отличниги»