Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Салам айт, санжыралуу Ноорузум!”

Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы №32 «Үмүт» бала бакчасы - балдардын патранаттык – адаптациялык борборунда тарбиячылар жана ата-энелер менен биргеликте даярдалган “Салам айт, санжыралуу Ноорузум!” салтанаттуу иш-чарасы уюштурулду.

Иш чарага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашева, билим жана илим кызматкерлеринин райондук профсоюздук комитетинин төрайымы Бактыгуль Тыныбекова жана райондогу бала бакчалардын башчылары катышты.

 Мекеменин тарбиячылары өз тайпаларындагы бөбөктөр менен бирге улуттук даам-сүмөлөктүн тарыхын, наристени бешикке салуу салтын, шырдактын даярдалышын сахналаштырып көрсөтүштү.

Ысык-Ата району көп улуттуу аймак болгондуктан, улуттар аралык достукту, биримдикти, ынтымакты чыңдоо, бөбөктөрдү ар улуттун салты, тамак-ашы, өнөрү менен тааныштыруу максатында орус, түрк, өзбек, дунган, азербайжан, молдован улуттарынын салт-санаалары, улуттук тамак-аштары менен тааныштырылды. Тайпалар арасындагы атандаштыктын жыйынтыгы чыгарылып, дипломдор тапшырылды.

Иш чаранын алкагында STEAM жабдыктарын колдонуу менен интеграцияланган жана комплекстүү ачык сабак өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети