Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сактыкта кордук жок

          2018-жылдын 28-сентябрында  Бишкек гуманитардык университетинин жетекчилиги жана кесиптик бирлиги  Кыргыз  республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда өзгөчө кырдаал учурунда кантип сактануу керектиги тууралуу иш чара уюштурду. Иш чаранын жүрүшүндө кызматкерлерге жана студенттерге кырдаал түзүлгөндө атайын берилүүчү белги берилип, бардыгы коопсуз жайга чыгарылды. Атайын убакыт коюлуп, белгиленген мөөнөтө чыгарылып талапка жооп берди. Жыйынтыгында ӨКМдин кызматкери студенттерге жана кызматкерлерге жыйналыш өткөрүп, коргонуу тууралуу түшүндүрүп, ар түрдүү суроолорго жооп берди.