Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

САЙКАЛОВ КУБАТТЫ АЙЫЛ ОКМОТУ СЫЙЛАДЫ

    Сайкалов Кубат Баткен районундагы Ж.Турусбеков атындагы орто мектептин мугалими республикалык “Жылдын мыкты мугалими -2017” кароо-сынагына катышып, алдынкы 5 мугалимдин 4-су болуп өзүнүн изденгич, чыгармачылык менен иштеген мугалим экендиги менен жалпы жумуриятка таанылган болчу. 

2018-жылдын 10-январында райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги менен предметтик  секциялык иштер болуп өттү. Секциялык иштин башталышында Баткен районунун Дара айыл окмотунун башчысысы З.Байзаков  жаш тарых мугалими Сайкалов Кубат “Жылдын мыкты мугалими -2017” республикалык кароо-сынагына катышып, алдынкы орундардын бирин ээлеп келгендиги үчүн 50 000 сом акчалай сыйлык менен сыйлады.

К.Сайкалов конкурска катышууга жардам көрсөткөн тараптарга терен ыраазылыгын билдирип, жооптуу, бирок сооптуу педагогикалык, чарбачылык иштеринде ийгиликтерди каалады. Бул колдоо мугалимдерди изденип, чыгармачылык менен иштөөгө түрткү болору шексиз. 

 

 

Баткен РПКнын адиси                                                      Б.Абдыразакова