Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өрт коопсуздугу боюнча окуу-машыгуусу өткөрүлдү

Таш-Көмүр шаарына караштуу М.В.Фрунзе атындагы №8 жалпы билим берүүчү орто мектебинде жогорку класстардын окуучуларына өрт коопсуздугу боюнча окуу-машыгуусу өткөрүлдү.

2021-жылдын 11-мартында Таш-Көмүр шаарына караштуу №8 М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде жогорку класстардын окуучуларына Шамалды-Сай шаарчасынын ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте өрт коопсуздугу боюнча окуу-машыгуусу өткөрүлдү. Бул машыгууда ӨКМ кызматкерлери өрт коопсуздук эрежелери менен кененирээк айтып беришип,алгачкы жардамдарды көрсөтүүнү жана өрт өчүрүүчү техникалар менен пайдалануунун жолдорун көрсотүп беришти. Жалпы 9-10-11-класстын окуучулары катышып,мектепте мугалимдерден жана окуучулардан турган ыктыярчылар тобу түзүлүп, машыгуу өткөрүштү. Окуучулар өрт өчүрүүчү машинасынын иштөө механизмдери менен таанышышты. ӨКМ кызматкерлерине кесиптик бирликтин жана жалпы мектеп жамаатынын атынан ыраазычылыктар билдирилди.

 

 

 

Материалды даярдаган: Таш-Көмүр шаарына караштуу М.В.Фрунзе атындагы №8 жалпы билим берүүчү орто мектебинин кесиптик бирлигинин баштапкы уюмунун төрайымы  З.К.Алыбаева