Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Республикалык спартакиадага жөнөтүлдү

       Билим  берүү  кызматкерлеринин республикалык  спартакиадасына  Жалал-Абад  облусунан  спорттун   волейбол  түрү  боюнча  эркектер  жана  аялдардын   командасы  жөнөтүлдү.

       Курама  команда  Сузак райБББнун  методисти  Маматкерим  Турганов  жетекчилигинде мелдешке аттанып,  аларды  Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы Абдукахар  Исмаилов,  Сузак  райкомунун  төрагасы  Абдумажид Орозалиевдер жакшы  каалоолорун билдиришип  узатышты.              

        Облустук команданын сапар  чыгымдары обкомдун  жана Сузак райкомунун  эсебинен  каржыланды.Команданын  жетекчиси  Маматкерим  Турганов  профсоюз  жетекчилерине камкордуктары  үчүн  ыразычылыктарын  билдиршип, жеңиштер  менен  кайтышарын билдирди.

Материалды  даярдаган:  Обкомдун  инспектору-А.Айдаров.