Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Республикалык предметтик олимпиаданын II туру жыйынтыкталды

2021-жылдын 24-25-февраль күнү Тогуз-Торо районундагы №1 Мойдунов Тоту  атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде Республикалык предметтик олимпиаданын II туру  болуп өттү.  Предметтик олимпиада 10  предметтен  өткөрүлүп, 13 мектептен  270 окуучу катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси С.Садыков, билим берүү жана илим кызматкелеринин  профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин төрагасы З.Ажыбаев жеңүүчүлөрдү куттукташты. Ошондой эле I, II, III орунду алган окуучуларга райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамоталары” тапшырылды. Республикалык предметтик олимпиаданын  III туруна (облуска)  катышууга I, II орунду жеңип алган 20 окуучу жолдомо алышты. Билим берүү кызматкелерин колдоо максатында райондук профсоюз комитети тарабынан предметтик олимпиаданын II турун өткөрүүгө катышкан  мугалимдерге кофе-брейк уюштурулуп берилди.  

 

 

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитетинин адиси Н.Апешов