Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюздук комитети” кароо - сынагынын облустук туру жыйынтыкталды

2018 - жылдын  15 - ноябрында  Билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин   профсоюзунун  Жалал - Абад облустук  комитети тарабынан  “Региондорду  өнүктүрүү   жылынын  мыкты  профсоюздук  комитети”  кароо - сынагынын облустук туру  жыйынтыкталды.                

Кароо - сынактын  комиссиясы  тарабынан  төмөнкү  баштапкы профсоюздук  уюмдар  жеңүүчүлөр деп  табылып, республикалык  турга  катышууга  укук  берилди.

1.Ноокен  районундагы  №30 Б.Дамашев  атындагы  орто  мектебинин  профсоюздук  уюму (профкому - Аманбекова  Жумагул  Абдирасуловна,  мектептин  директору - Бакиров  Медербек  Сайдимаматович).

2.Базар - Коргон  районундагы  №7 М.Мамбеталиев атындагы  орто  мектебинин  профсоюздук  уюму (профкому - Кадыралива  Тумар  Шамшиевна,   мектептин  директору  - Таирова  Карамат  Турдалиевна).

3.Ноокен  районундагы  №3  “Мээрим” мектепке  чейинки  билим  берүү  уюмунун  профсоюздук  уюму (профкому - Момуналиева  Назгул   Шакировна,  директору -  Кушбакова  Чынаргүл  Эсеналиевна).

Комиссия  2018 - жылда  кароо - сынакка  баштапкы  профсоюздук  уюмдардын  активдүү  катышкандыгын,  профсоюздук  ишмердүлүүктө инновацияларды жакшы пайдаланып,  чыгармачылык  менен  материалдарды даярдагандыктарын белгиледи.

 

Материалды  даярдаган: 

А.Айдаров- обкомдун  инспектору, 

Кароо-сынак боюнча комиссиянын  төрагасы.