Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондун аймагындагы мектептердеги жолугушуулар

    2016-жылдын  апрель айында  Турдукулова Чынара Абдыкапарова Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчы кызматына келип алгачкы ишин Ала-Бука айыл аймагындагы төрт  Ак-Там айыл аймагындагы үч мектептин мугалимдери менен жер жерлеринде жолугушуу менен баштады.

     Жолушууда өнөктөш катары райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев тааныштырып бирге коштоп жүрдү. Турдукулова Чыныра Абдыкапаровна мектептердин азыркы учурдагы ал акыбалы мугалимдин түйшүктүү иштерине токтолуп кандай болгондо да милдеттерди аткарып окуучулардын билимин жогорулатуусуна көңүл бурарына токтолду. Жер жерлерде мугалимдерден көптөгөн суроолор берилди:  мектеп имараты капиталдык ремонтко муктаж экендиги жана окуучулардын кескин көбөйүп кеткендигине байланыштуу класстык бөлмөлөрдүн жетишбей жаткандыгы, жогорку класстарда окуу куралдары жетишпегендиги,480 саат окутуп жаткан мугалимдердин эмгек өргүүсү, окуучулардын бирдей формада кийинүүсү,жана башка ушундай суроолорго жооп берүү менен мугалимдерден талап болору менен иштерине ийгиликтерди каалады.

     Профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев мугалимдердин укугу эмгек кодексинин негизинде корголоруна токтолуп 480 саат окутуп жаткан мугалимдерге Кыргыз Республикасынын 18.12 2015-ж № 227 мыйзамынын негизинде оң жагына чечүүгө аракетин жасоону билдирип азыркы учурда мугалимдердин айлык акылары жогорулаганына токтолуп, Кыргыз Респупликасынын билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогуловичтин жүргүзгөн иши арети аркылуу көбөйгөндүгүн баса белгиледи. Мектептеги мугалимдер ыразычылыктарын билдиришти.