Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук спартакиада

     Өзгөн районунда 2017-жылдын  29-апрель  күнү  А.Таӊатаров  атындагы  интернат-гимназиясынын  базасында  Кыргыз  Республикасынын  «Ыйман, адеп жана  маданият»     жылына    карата    билим    берүү     кызматкерлеринин      жазгы  26- спартакиадасы  болуп өттү.

Спартакиаданын  райондук  туруна  3  аймактан  спорттун  алты  түрүнөн I  жана II  орундарды  ээлеген  мектеп  командалары  жана жеке  оюнчулар  катышып, күч  сынашты.  Жыйынтыгында спорттун волейбол түрү боюнча  агайлар  арасында  М.Сагынова, ал эми эжекелер  арасында  Т.Машрапов, кичи футбол боюнча Мырза-Аке аймагынын курама командасы,   ордо  боюнча  Ж.Мойдунов  атындагы  орто  мектептеринин  командалары  I  орунду  жеӊип  алышты. Ал эми  тогуз  коргоол  боюнча  А.Калмурзаев  орто  мектебинен   Садыков  Нурбек,  А.Калмурзаев  атындагы орто мектебинен Жамшитбек кызы Салина, шахмат  боюнча  БӨДТДКнын ийрим  жетекчиси  Жусуматов  Султан,  С. Эшматов атындагы  орто  мектебинен  Назарбаева  Бүмалика, стол тенниси боюнча  Б.Моӊолов атындагы  орто  мектебинен  Эргешбаев Рахман,  К.Раимбеков  атындагы мектеп – гимназиясынан Абылкасымова Замиралар  I  орундарга  ээ  болушту. 

Билим  берүү  кызматкерлеринин 26-спартакиадасы  жогорку  деӊгээлде,  уюшкандыкта  өттү.  Спартакиаданын   ачылышына  Өзгөн  райондук  билим берүү  бөлүмүнүн  башчысы  И.Дуйшеев, билим берүү  кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  Өзгөн  райондук  комитетинин  төрагасы  И.Мырзамидиновдор  катышып,  куттуктоо  сөз  сүйлөшүп,  оюнчуларга  жана мектеп командаларына  ийгиликтерди каалашты. Спорт бул ден- соолуктун  булагы,  тынчтыктын  тиреги экендигин белгилешип, оюнчуларды сергек  жашоого, спорт  менен  дайыма  машыгууга, бирге  болууга  чакырды.

   Спартакиаданын  жеӊүүчүлөрү  I-II-II  даражадагы  дипломдор  жана баалуу  сыйлыктар  менен  сыйланышты. 

    Ошондой эле спорттун 6 түрүнөн өздөрүнүн эӊ мыкты оюндарын, спорттук чеберчиликтерин  көрсөткөн оюнчулар областтык спартакиадага катышуу үчүн жолдомого ээ болушту.

 

                         

      Өзгөн  РПК:                        Бөлөкбаев Артык