Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

РАЙОНДУК СЕМИНАРДА – ЭМГЕКТИ КОРГОО МАСЕЛЕЛЕРИ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин  2017-жылдын II кварталындагы иштеринин планына ылайык жана Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоону жана коопсуздуктун алдын алууну жакшыртуу максатында «Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук шарттарынын сакталышын көзөмөлдөөдө жумуш берүүчүнүн жана кесиптик бирлик уюмдарынын  укуктары, милдеттери жөнүндө»   деген райондук семинар  2017-жылдын

 3-6-апрель күндөрү төмөнкү аймактарда өткөрүлдү:

03.04.2017.    Бужун орто мектебинде (Кара-Булак, Кара-Бак, Суу-Башы айыл аймактарындагы б.б. мекмелери),

04.04.2017   Э.Эркебаев атындагы орто мектепте (Кыштут, Дара айыл өкмөттөрүнүн б.б. мекмелери),

05.04.2017 Т.Садыков атындагы орто мектепте (Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн б.б. мекемелери),

06.04.2017  Токтогул атындагы орто мектепте  (Төрт-Күлайыл өкмөтүнүн билим берүү мекемелери). 

РПКнын эмгекти жана укукту коргоо боюнча кызматкери А.Масалиев  семинардын планы менен тааныштырууда

Семинарга билим берүү мекмелеринин директорлору, чарба жетекчилери, БКБУ төрагалары, эмгек, химия жана физика мугалимдери чакырылды.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкүдөй баяндамалар угулду:

  1. “Тармактык (республикалык, облустук,  рай/шаардык) кесиптик бирлик уюмдары тарабынан эмгекти коргоо жана коопсуздуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер  жана милдеттер жөнүндө” (ОПКнын төрагасы Бөтөков З.),
  2.  “Райондун билим берүү мекемелеринде  эмгекти коргоо жана коопсуздуктун  алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө” (райБББ башчысы Зайитов А., РПКнын төрагасы Жумаев Т.) ,
  3. “Билим берүү мекемелеринде кызматкерди жумушка алууда жана иш   процессинде жумуш берүүчүнүн   эмгекти коргоо жана коопсуздуктун  алдын алуу боюнча милдеттери  жөнүндө” (РПКнын кызматкери Масалиев А.),
  4. “Билим берүү мекемелеринде эмгекти  коргоо жана коопсуздуктун алдын алуу  боюнча жүргүзүлүүчү документация иштери” (РПКнын адиси Абдыразакова Б.).

 

Баяндамалардан кийин эмгекти коргоо жана коопсуздуктун алдын алуу боюнча практикалык иштер жүргүзүлүп, семинар өтүп жаткан мектеп жамаатынын эмгекти коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери менен тааныштырылды. 

Семинардын катышуучулары

Райондун төрт зонасында өткөн бул семинарга 52 мектеп директору,  38 бала бакча башчысы,  52 БКБУ төрагалары, 28

мугалимдер жана 5 райБББ, РПК кызматкерлери  катышышты.

   Бужун орто мектебинде болгон семинарда облустук комитеттин төрагасы З.Н.Бөтөков катышып, республикалык жана облустук кесиптик бирлик уюмдары тарабынан эмгекти коргоо боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө кеңири баяндама берди. 

РПКнын эмгекти жана укукту коргоо боюнча кызматкери А.Масалиев баяндама жасоодо

Бужун орто мектебинде болгон семинарда облустук комитеттин төрагасы З.Н.Бөтөков катышып, республикалык жана облустук кесиптик бирлик уюмдары тарабынан эмгекти коргоо боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө кеңири баяндама берди.

 

Баткен РПКнын жетектөөчү адиси                            Б.Абдыразакова