Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

РАЙОНДУК КОМИТЕТТИН ПЛЕНУМУ

   Билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин 2017-жылдагы иш планына ылайык  2017-жылдын 26-декабрында кезектеги  пленуму болуп өттү. Пленумга райондук комитеттин мүчөлөрү, кесиптик бирликтин облустук кеңешинин жана облустук комитеттин төрагалары, билим берүү мекемелеринин директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.

    Райондук комитеттин Пленумунда “Райондук комитеттин жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо социалдык өнөктөштүктү жүргүзүү иштеринин жыйынтыктары жана алдыдагы милдеттер жөнүндө” деген маселе каралып, РКПнын төрагасы баяндама жасады.

   Жарыш сөзгө чыккан жолдоштор аталган маселе боюнча өз ойлорун ортого салышып, райондук комитеттин жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо социалдык өнөктөштүктү жүргүзүү иштериндеги ийгиликтер жөнүндө айтышып, чечилбей жаткан көйгөйлөр жөнүндө өз сын-сунуштарын, каалоо-тилектерин билдиришти.

    Пленумдун экинчи болуп уюштуруу маселеси каралды. Райондук комитеттин текшерүү комиссиясынын төрагасы  У.Рахимов башка жумушка которулуп кетендигине байланыштуу милдетинен бошотулуп, комиссиянын мүчөлөгүнө  Ш.Токсонов атындагы орто мектептин соцпедагогу Р.Кочкорова шайланды. Пленум райтеккомиссиянын төрайымдыгын комиссиянын мүчөсү Г.Сапаровага ишенип тапшырды. 

Пленум коюлган маселе боюнча катышуучулардын сунуштарын жана ой-пикирлерин эске алуу менен токтом кабыл алды.

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук  комитетинин  жетектөөчү адиси                                                           Б.Абдыразакова