Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018″ кароо-сынагы болду

    Март айында Чаткал районунун борборундагы «Чебурашка» бала бакчасында райондук «Жылдын мыкты тарбиячысы-2018″ кароо-сынагы болуп ɵттү.

Сынактын ачылышында райБББнын башчысы Тажибай Тынышов сынактын жүрүшүндө эч бир трайбализмге,  бюрократиялык тоскоолдуктарга жол берилбестигин белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар өзүн-өзү тааныштыруу, сабак өтүү, тест тапшыруу сыяктуу сынактардан өтүшүп, өздөрүнүн билим, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин калыстардын сынына коюшту.

Соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен 1-орун Терек-Сай айылындагы «Айнуру» бала бакчасынын тарбиячысы Салиха Жылдызбек кызына ыйгарылды. 2-орун Курулуш айылындагы С. Чондоева атындагы бала бакчанын тарбиячысы Калиса Оморовага берилди. Ал эми, 3-орунга эки катышуучу-Каныш-Кыя айылындагы «Чебурашка» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлмира Эшимбетова жана Терек-Сай айылындагы «Келечек» бала бакчасынын тарбиячысы Гүлжамал Маматкадырова ээ болушту. Мындан сырткары, бир топ катышуучуга ар кандай номинациялар жана  акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сынактын каржылык жагы билим берүү кызматкерлеринин райондук бирлиги тарабынан камсыздалууда. Бул тууралуу бирликтин төрагасы Ызан Кудайбердиев билдирди.