Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук «Жылдын мыкты мугалими - 2021» сынагы

2021-жылдын 8-апрелинде Алай райнонундагы М.Адышев атындагы №1 мектеп-гимназиясынын базасында райондук «Жылдын мыкты мугалими - 2021» сынагынын финалдык туру болуп өттү.

Финалдык турга зоналдык турлардан алдыңкы орунду камсыз кылышкан 9 конкурсант чыгышып күч сынашышты жана райондук калыстар тобунун элегинен өтүштү.

Жыйынтыгында төмөндөгү чыгаан мугалимдер райондук финалдык турдун активдүү катышуучулары деп табылышып Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин Ардак грамоталары жана акчалай  сыйлыктары менен  сыйланышты. Алар:

Жусуп кызы Үмүтай – Ы.Мону уулу атындагы орто мектебинин англис тили мугалими, Салиева Динара – М.Ташиев атындагы орто мектебинин орустили жана адабияты мугалими, КАдырбаев Акбарали – Б.Нарматов атындагы орто мектебинин география мугалими, Маматумарова Якутай – Э.Мурзаев атындагы орто  мектебинин  кыргыз тили  жана  адабияты  мугалими,  Пазыл кызы Аида – С.Төрөшев атындагы орто  мектебинин  англис тили мугалими.

Ал эми III орунду Токтогул атындагы №3 орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Ыбышова Кундуз, II орунду Т.Отунчиев атындагы №2 мектеп-гимназиясынын физика мугалими Рысбаева Анара камсыздашты.  Райондук «Жылдын  мыкты  мугалими - 2021» наамын №1 М.Адышев  атындагы  мектеп – гимназиясынын  орус  тили  жана  адабияты  мугалими Жумабай  кызы Жыпаргүл жеңип  алды.

Жеңүүчүлөрдү Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары Ш.Ж.Жапаңов куттуктап акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошондой эле I – II – III орундарды камсыздашкан жеңүүчүлөргө билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин атынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана билим берүү бөлүмү менен райондук профсоюз комитетинин биргелешкен Ардак грамоталары тапшырылды.

Сыйлыктарды Алай раондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров, калыстар тобунун төрагасы, окуу усулдук борборунун башчысы А.Бурканбай уулу тапшырышып ак тилектерин айытышты.

 

Материалды даярдашкан:
У.Раимкулова, усулчу, калыстар тобунун катчысы
А.К.Абдыкадыров, райондук профсоюз комитетинин төрагасы