Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук Спартакиада өткөрүлдү

2021-жылдын 8-май күнү Өзгөн райондук билим билим берүү кызматкерлеринин  райондук 29-спартакиадасы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн аймагындагы М.Нурбаев атындагы орто мектебинин базасында өткөрүлдү. Спартакиада Жазы, Куршаб, Мырза-Аке аймактарындагы мектептер волейбол, ордо, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат  боюнча өз ара мелдешке катышты. Мындан сырткары кичи футбол боюнча Өзгөн районундагы Жазы, Куршаб, Мырза-Аке  аймагындагы билим берүү кызматкерлери өз ара  күч сынашты. 

Билим берүү кызматкерлеринин райондук 29-спартакиадасынын жеӊүүчүлөрү,  I, II жана III орундарды ээлеген командалар жеке оюнчулар Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин I, II, III даражадагы дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Материалды даярдаган:  Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети