Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук семинар болуп өттү

2024-жылдын 7-февраль күнү Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүндө жайгашкан №49 Таштак балдар бакчасында бакчалардын баштапкы кесиптик уюмдары,  8-февраль күнү Сакалды айыл өкмөтүндөгү Э.Алиев атындагы №11 орто мектептин базасында мектептердин баштапкы кесиптик уюмдары үчүн баштапкы кесиптик уюмдарында маалымат иштерин уюштуруу жана мүчөлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иштерди жандандыруу,  баштапкы кесиптик уюмдарда отчет иштерин талаптагыдай жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу максатында райондук семинар болуп өттү. 

                                                                                                                                       

Семинардын жүрүшүндө Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов өткөн жылда жетишкен ийгиликтер жөнүндө сүйлөп, ошондой эле алдыдагы максаттар жана милдеттер  тууралуу кеңири маалымат берди.

Ноокен райКБнын инспектору Т.Бакиров “Маалымат иштерин уюштуруу жана жандандыруу, кесиптик бирликтин мүчөлөрүнүн маалымдуулугун жогорулатуу”, “Баштапкы кесиптик уюмдун туруктуу комиссияларынын иши” жана  “Мыкты кесиптик бирлик уюмунун төрагасы - 2024” райондук кароо-сынагы  боюнча билдирүү жасады.

Семинар суроо-жооп, ар түрдүү маселелерди талкуулоо менен жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети