Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук окутуу-семинары өтүлдү

Кара-Суу районуна караштуу № 45  Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде райондогу баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн «Билим берүү мекемелериндеги баштапкы кесиптик бирлик уюмунун туруктуу комиссияларынын иш аракеттери» аталышындагы окуу-семинары өткөрүлдү.

Окуу-семинарга 60  мектептин кесиптик бирлигинин  төрага, төрайымдары катышышып, социалдык камсыздоо комиссиясынын жана эмгекти коргоо ,техникалык коопсуздукту сактоо комиссиясынын отурумдары боюнча меселе каралды.

Окуу-семинарынын катышуучулары семинарга көйгөйлүү маселелер коюлгандыгын жана   баштапкы  кесиптик  уюмунун жүргүзүп жаткан иштеринин тактыгын жана уюштурулган кесиптик  уюмдун бурчу заманбап денгээлде  жасалгандыгын баса белгилешти.

Окуу-семинарга катышышкан профактивдерге кесиптик уюмдун иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча  маалыматтар берилди жана семинардын катышуучулары мектеп жамаатына окуу-семинарын жогорку уюшкандыкта өткөргөндүктөрү жана  жамааттын  өздүк көркөм чыгармачылыгы  тарабынан даярдалган  концерттик программасы үчүн мектеп директоруна, мугалимдерге жана баштапкы кесиптик  уюмунун төрагасы К. Мадымаровго ыраазычылыктарын  билдиришти.

Семинардын соңунда  билим берүү кызматкерлерине Кара-Суу райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан 5 миң сом акчалай сыйлык жана «Жалал-Абад» санаториясына жолдомо белекке берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети