Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Райондук «Мыкты мугалим-2018» кароо сынагынын өтүлүшү тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын «Аймактарды өнүктүрүү жылына» жана республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 5 жылдыгына, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2018 жылдын 30 ноябрында райондук «Мыкты мугалим-2018» кароо сынагы өткөрүлдү.

Кароо сынак Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмү жана Ысык-Көл райондук профсоюз комитети менен биргеликте уюштурулду. Аталган кароо сынакка 1 жана 2-турдан алдынкы көрсөткүчтөргө ээ болгон 13 мугалим катышып, педагогикалык чеберчилигин көрсөтө алышты. Кароо сынак төмөндөгүдөй багыттарда өткөрүлдү:

  1. Катышуучулардын мугалимдин имиджин көрсөтүү үчүн сахнага чыгуусу.
  2. Катышуучулардын өзүн өзү тааныштыруусу.
  3. Интеллектуалдык суроолор.
  4. Катышуучулардын педагогикалык чеберчилигин чагылдырган мастер класс көрсөтүү.
  5. Өнөртаймаш.

Кароо сынактын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган педагогикалык чеберчилигин чагылдырган мастер класстар көрсөтүлүп, калыстар тобу тарабынан жыйынтык чыгарылды.

Кароо сынактын жыйынтыгында, райондук «Мыкты мугалим-2018» кароо сынагында:

Гран-При-Койлубаева Нурайым Жолдошбековна- О.Джумаев атындагы орто мектебинин биология мугалими,

1-орун-«Даанышман мугалим-2018» номинациясына-Лебедева Светлана Владимировна-А.Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын башталгыч классынын мугалими,

1-орун-«Жанычыл мугалим-2018» номинациясына-Узакова Айжан Кадыралиевна-И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейинин башталгыч классынын мугалими,

2-орун-«Чыгармачыл мугалим-2018» номинациясына- Кудаярова Айсулуу Муратовна-Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин англис тили мугалими,

2-орун-«Кесипкөй мугалим-2018» номинациясына-Байболотова Сымбат Абласовна-Бает орто мектебинин башталгыч классынын мугалими,

3-орун-«Ажарлуу мугалим-2018» номинациясына-Жакшылыкова Кундуз Темирбековна-К.Орозов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими,

3-орун-«Келишимдүү мугалим-2018» номинациясына-Баякунова Нурзат Тойчубековна-К.Эшенкулов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими ээ болду.

       Ал эми калган 6 мугалим-«Илимпоз мугалим-2018», «Креативдүү мугалим-2018», «Чебер мугалим-2018», «Иштерман мугалим-2018», «Таланттуу мугалим-2018», «Эмгекчил мугалим-2018» номинацияларына ээ болушту.

Жогорудагы Гран-При, 1,2,3-орундарга ээ болгон мугалимдерге Ардак грамоталар жана Ысык-Көл райондук профсоюз комитети тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Ал эми 6 мугалимге баалуу белектер уюштурулуп берилди.

Райондук билим берүү бөлүмү менен райондук профсоюз комитети тарабынан биргелешип планга ылайык иш чаралар улантылып өткөрүлүп турмакчы.

 

          Ысык-Көл райондук билим берүү

          кызматкерлеринин райондук

          профсоюз комитетинин төрагасы:                                                                   У.Урбаев