Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун жаш жетекчилери үчүн облустук семинар

 

2014-жылдын 8-9-июль күндөрү профсоюздун  Жалал-Абад облустук комитети тарабынан баштапкы уюмдардын жаӊыдан шайланган жаш жетекчилери үчүн үйрөтүүчү семинар өткөрүлдү.

   Семинарды билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун                  Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы К.Мурзакматов ачып, анын максаты «2014-жыл – жаштар жана профсоюздардын ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылында» республикада жана облуста жүргүзүлүп жаткан иштерге кеӊири баяндама жасады.

   Профсоюзда жаштардын өзгөчө ролу бар экендигине, жаштардын өсүп, такшалуусу үчүн бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдары тарабынан жеткиликтүү иш жүргүзүлүп көмөк көрсөтүү зарыл экендигине токтолду.

   Профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Исмаилов, «2 тараптуу келишимдерди жана 3 тараптуу макулдашууларды түзүү, ишке ашыруунун механизмдери жөнүндө» А.Айдаров «Билим берүү жана илим кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюму жөнүндө: укуктук статусу, максаттары жана милдеттери, профсоюз уюмуна мүчөлүк, мүчөлөрдүн укуктары жана милдеттери» жөнүндө.                                                              («Жобонун» негизинде)

  «Баштапкы профсоюз уюмунун иш кагаздары, аларды жүргүзүүнүн жолдору жана формалары, комиссиялардын түзүлүшү, ишинин мазмуну, текшерүү комиссиясынын иштери жөнүндө»

   Профсоюздун Аксы райкомунун төрагасы А.Бабакулов «Лидерлик. Лидерликтин сапаты жана түрлөр¥», «Стратегиялык пландаштыруу» жөнүндө.

   Профсоюздун Кара-Көл шааркомунун төрайымы «Билим берүү тармагында эмгек акы төлөөнүн жаӊы шарттары жөнүндө»

   «Эмгекти коргоо шарттарын жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, өндүрүштүк иштер дартка чалдыгууну азайтуу боюнча  макулдашуу» жөнүндө.

    Обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов  «Билим берүү уюмдарында  эмгекти  коргоо жана техникалык коопсуздук маселелер жөнүндө» мазмундуу лекцияларды окушту.

        Семинардын ишине профсоюздун Борбордук Комитетинин жооптуу кызматкери К.Ниязбеков катышып, семинардын катышуучуларынын көптөгөн суроолоруна ынанымдуу  жоопторду берди.

    Обкомдун төрагасы К.Мурзакматов  семинардын ишин жыйынтыктап жатып, бир топ суроолорго жооп берип, учурдагы профсоюздун абалы, анын эртеӊки келечеги жөнүндө өзүнүн омоктуу ойлорун билдирип,  профсоюздун башкы урааны – биримдик экендигине  басым жасады.

 

Обкомдун уюштуруу бөлүмү.