Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун жетекчилерине ыраазычылык

   2018-жылдын 11-май күнү Каныш-Кыя айыл  аймагындагы А.Баймурзаев  атындагы  орто  мектебинин  жамааты  менен Жалал-Абад  обкомунун төрагасы А.Исмаилов мектептин экскурциялык иш-чаралары өтүп жаткан учурда жолугушу өткөрдү.

  Төрага мугалимдердин көйгөйлүү маселелерин  угуп, обком  тарабынан аткарылып  жаткан иштер  жөнүндө кыскача маалымдады.

  Жамаатка Ысык-Көлдө  эс  алуу  үчүн 5 мугалимге жолдонмо берди. Мугалимдер Борбордук  Комитетин төрагасы А.Токтогуловко, обкомдун  төрагасы А.Исмаиловко, райкомдун төрагасы Ы.Кудайбердиевке ыраазычылыктарын билдиришип,  профсоюздук  иштерине  ийгиликтерди  каалашты.

Материалды даярдаган: А.Баймурзаев атындагы орто  мектебинин            төрайымы-Бекмуратова Гулзина