Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун балдарга камкордугу

Профсоюздун балдарга камкордугу

«2020-жыл – өлкө президенти тарабынан аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялангандыгы белгилүү. Анын алкагында Жалал-Абад облусунун билим берүү уюмдарында бир катар иштер системалуу жүргүзүлүүдө.

Буга чейин курулушу башталып, каржылык тартыштыкка байланыштуу жарым-жартылай бткрүлгөн имараттар толук бүткөрүлүүдө.

Жаңыдан курулуп жаткандары да бар. Мамлекетибиз тарабынан келечек муундардын татыктуу тарбия, тереъ билим алуусу үчүн зарыл шарттар жаратылууда.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун демилгеси менен 7-сентябрь күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, бөлүм башчылар А.Бегматов, З.Сулайманов, инспектор Айдаровдон турган топ Жалал-Абад шаарында жайгашкан майып балдардын психо-неврологиялык интернат тибиндеги мекемесинде болушту.

Мекеменин директору Алимжановна Дамира Курсановна келгендерди жаңы курулган имарат менен тааныштырды. Эки кабаттуу имараттын курулушуна жана жаңы тиешелүү эмеректерди сатып алуу үчүн 1 миллион 37миң сомдон ашык акча каражаты сарпталгандыгын билдирди. Учурда мекемеде 150дөн ашык-кызматкерлер эмгектенип, тиешелүү иштерди талапка ылайык жүргүзүп жатышкандыгына токтолду.

Имаратта тарбиялануучулар үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн, башкача айтканда, жумшак мебелдер, жатуучу орундуктар, бөлмөлөр үчүн стол стулдар, эс алуу бөлмөлөрү телевизорлор менен камсыздалган. Ошону менен бирге тарбиялануучулар щчщн бассейин, душ, ванналар жана санузелдер толук иштей турган абалга келтирилген.

Коюлган жабдуулардын бардыгы мамлекеттик стандарттын талабына ылайык сатып алынган.

Мекеменин директору Алимжанова Дамира Курсановна билими боюнча педагог мугалим, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүн башкарып, убагында губернатордун орунбасарынын кызматында да иштеген.

Ал жетекчи болуп келгенден берки 10 жылдай убакыт ичинде мекеменин ишин түп тамырынан бери жаңылоого, кадрлар менен иштөөгө жана тарбиялануучулар үчүн мыкты шарттарды түзүүгө көп аракеттерди жумшады.

Обкомдун жетекчиси А.Исмаилов баштаган топ педагогикалык жана кичи техникалык кызматкерлер менен алардын иш жайында аңгемелешип, алар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Обком тарабынан бул мекеменин тарбиялануучуларына атайын белектер өткөрүлүп берилди.

обкомдун пресс катчысы:

Абдыкадырова Махабат