Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун “ардагер жана жардамга муктаж мүчөлөрүнө” жардам берилди.

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитети тарабанан    “1-октябрь карыялар күнүнө ” карата   Базар-Коргон  районунун Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  “ардагер жана жардамга муктаж мүчөлөрүнө”  азык-түлүк  иретинде жардам берилди. Убагында  келечек муундарга, окуучуларга  билим жана тарбия  берип, канчалаган билимдүү, илимдүү жаштарды  чыгарып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан келечек ээлеринин саяпкерлерине, мугалим кесибин аркалаган көптөгөн кызматкерлерибиз эмгектенип келе жатышат. Келечек муундарга  нурун чачып тарбиялайт ошонун натыйжасында көптөгөн атактуу адамдар, илимпоздор, окумуштуулар жана жакшы адамдар чыгышат.  “Убакыт учкан куштай”  дегендей билим берүү мекеме уюмдарына эмгектенүүгө  келген жаш кызматкерлер убакыттын өтүшү менен ардагер мугалим, кызматкер болуп калышат. Ушул ардагер кызматкерлерден кабар алуу жана жардам сунуу-бул жакшы иштерден бири болуп саналат. Ошондуктан  профсоюз комитети өз мүчөлөрүнө ар дайым колдоо көрсөтүп, жардам берип келет. Жалал-Абад  облустук профсоюз комитети  тарабынан  “ардагер жана жардамга муктаж мүчөлөрү”  үчүн  берилген азык-түлүк иретиндеги жардамын  Базар-Коргон  райондук профсоюз комитети  мектеп жана балдар бакчаларындагы  ардагер мугалимдерге барып өз жерлеринде таркатып, жеткирип берди. Базар-Коргон     райкомдун төрагасы  С.  Жаркынбаев       “1-октябрь карыялар күнү ”  менен     ардагер жана жардамга муктаж мүчөлөрүн  жер-жерлеринде куттуктап, келечек муундарын билимдүү, сабаттуу  болушуна чоң салым кошкондорун айтып, профсоюз комитети  мүчөлөрүнө  дайыма колдоо корсөтүп жаткандыгын билдирип, ардагер  мугалим, кызматкерлерге чын ден-соолук, узун-өмүр,  жакшылыктарды каалап кетти. Ардагер мугалимдер өз кезегинде,    кабар алып жардам берилип жаткандыгы үчүн Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзуна  рахматын айтышып, кубанышып, ардагерлерди  артта калтырбай,  эстеп жаткандыктарына ыраазычылыктарын билдиришти. 

 

 Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов